2017-жылдын 26-декабры күнү саат 06:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-82 чакырымында жалпы көлөмү 2800 метр кубду тузгөн кар көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, көчкүнү тазалоо иштерине №11 жол тейлөө ишканасынын техникалары катышып, саат 10:00дө унаа жолдун кыймылы калыбына келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ