Menu

“Бишкек-Ош” жолу аркылуу сапарга чыгуу өтө кооптуу, токтотуп туруңуздар!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Бишкек-Ош” жолунун “Сосновка” постунун 81 чакырымынан баштап “Чычкан” постунун 272 -чакырымына чейинки аралыгы жана Бишкек шаарына багыт алган Кара-Көл менен Таш-Көмүр шаарына чейинки жолдор убактылуу жабылаарын эскертет.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин атайын техникалары иштеп жатат.

Жааган кар жолдун абалына терс таасирин тийгизет жана көрүү мүмкүнчүлүгүн начарлатып, жолдор тайгак болуп жол кыймылынын кырсыктарына алып келиши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды “Бишкек-Ош” жолу аркылуу сапарга чыгынуу токтотуп турууну сунуш кылат. Өз өмүрүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: