Москвадагы «Меньшевик» фабрикасынын аймагындагы атышуудан бир киши мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. РИА-Новости агенттиги ишкана аймагында адамдар барымтага алынгандыгын дагы кабарлоодо.
“Интерфакстын” маалыматы боюнча атышуу фабрика ээлеринин ортосундагы жаңжалдан кийин башталган.
Азырынча кармоолор тууралуу маалымат жок. Окуя болгон аймак полиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ