Menu

Эмнеге Атамбаев абакка камаган саясатчылар үн катпай калышты?

Бөлүшүү:

Акаев доорунда саясаттын айынан түрмөгө кесилген Феликс Кулов абакта жатып алып бийликке каршы интервьюларды берип, алтургай курч-курч макалаларды жазчу. Анын кол жазмасын машинкага бастырып, жардамчылары популярдуу гезиттердин редакцияларына ташып жүргөнү эсибизде. Ошентип резонанс жараткан макалалары менен Феликс Кулов түрмөдө жатып алып, кыргыз саясатына таасир берчү. Ал эми тергөө абагында кармалган Азимбек Бекназаров Акаевди сындаса жанына адам чыдап туралчу эмес.

Бакиев доорунда абакта жаткан Сапарбек Аргынбаев, Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бөлөкбаев, Ишенбай Кадырбековдор эч коркпой-үркпөй эле Бакиевге акаарат айтып турушчу.

Атамбаев доорунда абакка алынган 30дан ашык саясый туткундар эмнегедир абактан үн катпай калышты. Алтургай алгач тергөө абагында тайманбай жаткан Өмүрбек Текебаев түрмөгө которулгандан кийин интервью да бербей, Куловдой саясый темаларда макала да жазбай калды. Мунун сыры эмнеде?

Эксперттердин айтымында, “кара дүйнө” лидерлери тараптан абактагы саясый туткундарга  “бул жакта саясатты жыйыштыргыла, элди дүрбөтпөгүлө” деген “прогон” кетиптир. Мындай кыйытма сөз ал жакта жерде калбайт экен. Ошондуктан отуздан ашуун саясый туткундар мындан ары саясый темада бир нерсе оозанат деп күтүүгө болбойт дешет.

Акыркы 5 жылда бийлик бир нече кримтөбөлдөрдү соттон актап, алар менен жакшы мамиле түзгөнү өз жемишин бере баштагандай.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: