Menu

Жогорку Кеңеште Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө грант жана насыя бөлүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Бөлүшүү:

Кечээ, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасап, мыйзам долбооруна баардык фракциялардын оң корутундулары жана 3 окууда кабыл алуу чечимдери бар экенин маалымдады.

Аталган долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылануучу 5 млн АКШ доллары. Долбоордун 1-фазасы 3 жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 млн АКШ долларынын 2,25 млн АКШ доллары – грант, ал эми 2,75 млн АКШ доллары – насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет. Жеилдетилген мөөнөтү 6 жыл. Пайыздык ставка – жылына 0,75%.

Долбоору Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле фермерлерге инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Анын жүзөгө ашырылышы менен Ысык-Көл облусундагы фермерлердин потенциалы бекемделиши, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.

Ратификациялык мыйзам долбоору талкуусуз 2-3-окууларда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: