Menu

Активисттер Атамбаевге какшык сыйлык ыйгарышты

Бөлүшүү:

Сөз эркиндигин коргоо комитети жылды жыйынтыктап, айрым адамдарга какшыктуу сыйлыктарды тапшырды.

Комитеттин мүчөсү, активист Адил Турдукуловдун айтымында экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Чектен чыккан сөз эркиндиги үчүн”, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге “Эркин ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктаганы үчүн” жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага “Сотторду чөнтөккө салып бергени үчүн” деген такмаза наамдар ыйгарылды.

– Бул адамдар сөз эркиндигин чектеп, башкача ой жүгүрткөн саясатчыларды камаганы үчүн ушундай наамдарды ыйгардык, – деди Турдукулов.

Сөз эркиндигин коргоо комитети былтыртан бери сөз эркиндигин өнүктүрүүгө салым кошкондорго жана “эркиндикти чектеди” деп эсептелгендерге ар кандай наамдарды ыйгарып келет. Бул комитет Алмазбек Атамбаевдин тушунда 30га жакын саясатчы куугунтукталганын жана журналисттер миллиондогон айыптарга жыгылып кысымга алынганын айыптаса, бийлик муну четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: