Menu

Өкмөттө эмгек мигранттары маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 27-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары чет жердеги мекендештердин диаспоралары менен биргеликте эмгек мигранттарынын укугун коргоо жана алардын абалын жакшыртуу боюнча тыгыз иш алып баруунун зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 2017-жыл жыйынтыгы жана ведомствонун жакынкы пландары, ошондой эле ички жана тышкы миграция маселелери тууралуу маалымат берди.

Ал кошумчалагандай, ведомство тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Өкмөт башчынын мекендештер менен жолугушуусунун жүрүшүндө айтылган бардык маселелер иштелип жатат. Мындан тышкары, тийиштүү кызматтар менен Россия Федерациясынын аймагындагы эмгек мигранттарынын 30 күнгө чейин жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек келишимдерин кайрадан түзүү жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагында мигранттарды жашаган орду боюнча эмес, иш орду боюнча каттоо мүмкүндүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Медетбек Айдаралиевлин айтымында, «Жаны доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында ведомство аркылуу чет өлкөдө жашаган мекендештердин Кыргызстанга келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү 18-Кадамды – «Мекен-карт»улуттук демилгесин ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөн ар-бир жаран үчүн КР Миграциялык кызматына консультация үчүн кайрылуу мүмкүндүгүн берүүчү порталды ишке киргизүү боюнча иштер аткарылууда.

“Мамлекеттик органдар чет жердеги биздин жарандардын маселесин чечүүсү үчүн мекендештердин өз көйгөйлөрү тууралуу ыкчам маалымдоо мүмкүнчүлүгү болуусу зарыл. Портал 2018-жылдын мартына карата даяр болуусу керек, аны ишке киргизүүнү тездетүү зарыл”, – деди Сапар Исаков.

“Портал кыргыз, орус жана англис тилдеринде иш алып барып, биздин мекендештер гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы башка өлкөлөрдүн жарандары да тийиштүү маалыматка ээ болуусу керек»,- деди Медетбек Айдаралиев.
Премьер-министр Сапар Исаков мекндештер арасында мамлекеттик тейлөөнү аралыктан алуу: мамлекеттик тейлөөнүн электрондук порталы www.portal.tazakoom.kg аркылуу айрым документтерди жана маалымдамаларды толтуруу мүмкүндүгү тууралуу маалыматын жогорулатуу үчүн кеңири маалыматтык иштерди жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, мекендештерди чет жерлерде укуктук колдоо боюнча иштерди күчтөндүрүү боюнча тапшырма берилди. Аны менен катар Премьер-министр мекендештердин актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири катары алардын эмгек мигранттардын укуктары жана миграциялык мыйзам туурасында маалыматынын төмөндүгүн белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекеттик миграциялык кызматка бул багыттагы иштерди күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: