Menu

Нарын шаарынын жашоочулары мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын өз ыктыярлары менен тапшырышты

Бөлүшүү:

Нарын ШИИБнин кызматкерлери «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү тууралуу жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушунун негизинде, милиция кызматкерлерине Нарын шаарынын 29 жаштагы К.М. аттуу тургуну Нарын районунун Кызыл-Бел аймагындагы талаадан таап алган “К-32” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралынын стволун өз ыктыяры менен тапшырган.

Ошондой эле, Нарын шаардык милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар мыйзамсыз сактап жүрүшкөн “РС 22 К” үлгүсүндөгү 5,6-калибрдеги ок атуучу куралын, “ИЖ-16” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралынын стволун жана “К-32” үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыярлары менен өткөрүп беришкен.

Ал эми, 19 жаштагы жергиликтүү тургун “MP-654К Gal” үлгүсүндөгү пневматикалык тапанчаны жанына алып жүргөн жеринен кармалган. Алынган тапанчаны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Алынган ок атуучу куралдар экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нарын ОИИБси эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: