Бийликтегилер Темир Сариевди тоготпогондой түр көрсөтүшүп, «ашып кетсе шайлоодо 40 миң добуш алды» дегендей ишарат кылышканы өтө жаңылыштык болуп жүрбөсүн? Саясатта ар кандай оош-кыйыштар боло берет. Эң башкысы, өткөн күндөрдөн сабак алып, жаңылыш кадамдарды оңдоого бел байлаган адам гана келечектен үмүт жаратат… Дегенибиз, учурдаТемике өзүнө жакын интеллигенцияны, аттуу-баштуу аксакалдарды жаңы жылы менен куттуктап, бир айча эс алып алгандан кийин кайрадан саясый талаада активдешүүгө киришет. Сыягы, бириндеген саясатчыларды бириктирүүгө бел байлап, жалпы коомго таасир эте турган саясый күч түзүүгө киришмекчи. Азырынча консультациялар башталыптыр. Эмесе, жазга карай Сариевдин таскагы катуулай чыкса, ансыз да лидерсиз калган оппозициячыл көпчүлүк ооп кетиши турган иш.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ