Menu

Чыныбайдын «койнундагы котур ташын » Атамбаев билип, эсебин береби?

Бөлүшүү:

Спикерликтен түшкөндөн бери Чыныбай Турсунбеков бийлик төбөлдөрүнө нааразы болуп, тар чөйрөдө санаалаштары менен отурганда ачуу пикирин жашырбай эле айтууда. Өзү КСДПдан депутат болуп отурса да ички дүйнөсү оппозициялык маанайга ыктаганы, камактагы айрым тилектештерине боор тартканы байкалууда. «Жети жыл бою КСДПга кылган эмгегим бааланбай калды, мени пайдаланып, анан түртүп койду» деген Турсунбековдун бугу ичине толуп, бирок Алмазбек Атамбаевге ачык каршы чыга албай, чүнчүп кеткен убагы. Сыягы, бара-бара Чыкенин «койнундагы котур ташын» түшүнгөн Атамбаев бир айласын таап, саясаттан оолак сүрүп таштоого ниеттениши мүмкүн. Эске сала кетсек, 2010-жылга чейин Турсунбеков эски режимдин арыгын чаап, аларга кызмат кылып жүрүп эле 7-апрелден кийин бир чемодан доллары менен КСДПга өтүп кеткени каңкууланган. Эртең оппозицияда реалдуу мүмкүнчүлүк жаралса, конгон ыкмасына салып, бийликке келе турган саясатчыларды каржылап, шефинин башын аттап кетсечи? Мунун баарын түшүнүп турган саясый шахматист Атамбаев алдыртан оппозициянын финансисттерин алсыратып, эсебин таап коюшу ажеп эмес. Чын эле, эми Чыныбайга кыйын болуп калбайбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: