Menu

Тажикстанда катуу шамалдын кесепеттери жоюла элек

Бөлүшүү:

26-декабрдан 27-декабрга оогон түнү Хужанд шаарында жана Согди облусунун айрым райондорунда болгон катуу шамалдын кесепеттери толук жоюла элек. Аймактын миңдеген жашоочулары дале электр жарыгысыз калууда.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин Согди облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеменин куткаруучулары Хужанддагы медициналык жана административдик имараттарга электр жарыгын берүүнү толук калыбына келтиришти.

Маалыматка караганда, табият кырсыгынан адам курмандыктары болгон эмес. Бирок катуу шамал менен коштолгон суу кардан улам 4 подстанция аварияга учурап, калктын басымдуу бөлүгү электр жарыгысыз калышкан. Андан тышкары шамал 40 электр мамысын, ондогон бактарды кулатып, турак-үйлөрдүн, административдик мекемелердин, мектеп жана ооруканалардын чатырларын учурган.

Мурдараак шамал Хужанддын борборундагы 16 метрлик жаңы жылдык балатыны кулатып, үйлөрдүн жана дүкөндөрдүн терезелери сынганы кабарланган. Андан тышкары шаардагы айрым билим берүү мекемелери каникул жарыялоого аргасыз болушкан.

Адистердин айтымдарында, Согди облусунда мындай катуу шамал акыркы 40 жылдан бери боло элек болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: