Menu

Коёналиевдин кокуй мелдеши…

Бөлүшүү:

Жыл сайын президенттин иш башкармалыгы өзүнүн тутумундагы ишканалар арасында ми­ни-футбол боюнча мелдеш өткөрөт. Идея чындыгында жакшы, керээли-кечке кабинетте отуруп, нерви чарчаган кызматкерлерди жылына жок дегенде бир жолу чуркатып, мээсин сергитип, спортко жакындатуу максаты эмеспи. Муну колдоого гана алыш керек. Бирок, ийги ниет менен уюштурулган иш-чарага көлөкө түшүргөн бир жагдай – мелдеш өткөн күнү айрым командаларда бейтааныш, таптакыр чоочун «оюнчулар» пайда болот да (иш башкармалыктын түзүмүндөгү ишканалар анчалык деле көп эмес, баары бири-бирин жакшы таанышат) баш байгени «илип» кетишет. Мунун себеби, баш байгеге сайылган 25-30 миң сом сыйлык бар. Ошол акчага эптеп ээ болуш үчүн кээ бир командалар сырттан профессионал оюнчуларды жалдап келишет. Натыйжада, чыр чыгып, командалар аз жерден мушташа жаздап токтошот. Чоочун бирөөлөр ойной турган болсо, анда акча коротуп мындай мелдешти уюшуруунун эмне кажети бар? Жылына бир жолу кичинекей иш-чараны жөндөп уюштуруп, мелдеш адилеттүү өтүшүн көзөмөлдөй албаса, Турусбек Коёналиев иш башкармалыкта эмне кылып отурат? Ушундай кадрлар «былгытып», ар бир кадамы менен куйтуланып атса, анан өсмөк белек?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: