Menu

Жогорку Кеӊеш жыйынында жаӊыдан дайындалган бир катар өкмөт мүчөлөрү салтанаттуу ант берди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү – биринчи вице-премьер-министр Шадиев Аскарбек Алимбаевич, вице-премьер-министр Кенекеев Дайыр Атакулович, маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек ант берип, өздөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан парламентте ант берген жаӊы өкмөт мүчөлөрүн расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүсү менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Жыйынга катышкан КР Президенти Сооронбай Жээнбеков да өз мекендештерин, анын ичинде кыргыз парламентинин депутаттарын Жаӊы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чыӊ ден-соолук, бакубат турмуш, иштеринде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: