Жаңы жылга чейин күч органдарынын жетекчилигине чуркагандар боюнча маалымат редакциябызга (ред. Азия Ньюс) түштү. Сүйүн Өмүрзаков менен Жеңиш Разаков ИИМ башчылыгына жутунушса, «Түйүнчөк» каймана атындагы Капар Батырканов «замминистр болом» деп тердеп-кургаптыр. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ордуна аппараттагы айтылуу Манас ашыкса, Совбезге Кылыч Токтогулов ээрин токуп, бирок, мине албай калыптыр. Мансап, байлык да Кудайдын буйругунан болот эмеспи. Өзгөчө жакшы иштеп аткан министр Улан Исраиловдун ордуна көз арткан Өмүрзаков менен Разаковдо эмне жок? Бакиев режиминде Сүйүн мырза ГУБОПту башкарып, канга колун малганы жалганбы? Разаков болсо Тажикстандын тыңчысы катары айыпталып, шермендеси чыкканын билесиңерби? Батырканов болсо «алкештенип», кайсы жерде иштебесин кадыры төгүлгөнүн уктуңар беле? Кыскасы, кадрдык тандоолордон адашпасак деген гана тилек…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ