Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын жарандык авиация боюнча агенттигинин Тѳрагасы Абдулла Нассер Турки Аль-Субаей мырза менен жолукту. Бул туралуу ТИМдин маалымат Департаменти билдирди.
Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы кызматташууну бекемдѳѳгѳ багытталган иш-аракеттер талкууланды. Тараптар эки ѳлкѳнүн жарандык авиация агенттиктери ортосунда 2015-жылы кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ишке ашыруу чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ