КМДБнын басма сөз ызматы брген маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Жалал-Абад шаардык хатибиятынын иш кеңсесинде шаардын баш имам хатиби Аллаяр ажы Мадалиев менен жолугушуп, 2018-жылга карата иш мерчемдерди түзүү, иш чараларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу, отчет жазуу, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча баарлашты. Муну менен катар баш имам хатибтер ыйман, адеп жана маданият жылында аткарылган иш чаралар боюнча маектешип, шаардык жана райондук хатибияттардагы жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктөр боюнча өз ойлорун ортого салышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ