Menu

ИИМ: Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү негизги кылмышкер кармалды

Бөлүшүү:

Милиция экс-баш прокурор, учурдагы депутат Аида Салянованын инисин өлтүрдү деп шектелген адамды кармады. Улан Саляновду 6-ноябрь күнү өз үйүнөн атып кетишкен.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, шектүүнү кармоо иши 27-декабрь күнү кечинде жүргүзүлгөн. Аны кармаган учурда жанында номерлери өчүрүлгөн “Макаров” пистолети жана үч магазин патрондору болгон.

“Алынган куралдар экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган жаран мойнуна алуу көрсөтмөлөрүн берип жатат”, – деп маалымдашты ИИМдегилер.

Кармалган 31 жаштагы жаран Бишкек шаарынын жашоочусу болот. Ал Бишкек ИИББинин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилди. Учурда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү калган адамдарды издөө менен алек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: