Menu

Судьялар ант беришти

Бөлүшүү:

2017-жылдын 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Бишкек шаардык сотуна дайындалган  беш судья  салтанаттуу түрдө ант беришти.  Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдайт.

Ант берүү аземин ачкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жаңы дайындалган судьяларды өзүнүн жана Жогорку соттун атынан куттуктап, судьялык татаал жана жоопкерчиликтүү иштерине  ийгиликтерди каалады. Бишкек шаардык сотунун судьялыгына дайындалган  Бейсекеев Эрмек Толеувич, Воронцова Ирина Николаевна, Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович, Мамбеталы Жаныл, Толубаева Бермет Мамыровна салтанаттуу түрдө ант беришти.

Белгилиүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2017-жылдын 16-декабрында мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн болчу. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент  Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна 5 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болгон.

Өлкө башчысынын жарлыгы менен  менен 5 талапкер – Бейсекеев Эрмек Толеувич, Воронцова Ирина Николаевна, Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович, Мамбеталы Жаныл, Толубаева Бермет Мамыровна Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалган.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: