Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк –Талаа айылынын “Ар-рахман” мечитинин имамы Ысмайыл Закиров “Абийир” кайрымдулук фонду менен биргеликте 26-декабрь күнү Кадамжай шаарындагы борбордук “Аль Бухари” мечиттинде 39 жетим баланын ар бирине 2 миң сомдон кышка карата жөлөк пул тапшырды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле мечит имамы өзүнүн акыл насаатын айтып, мектепте да жакшы окууга чакырды. Иш чаранын демөөрчүсү Ысмайыл Закировдун айтымында бул жетим балдар үчүн берилген биринчи жардам эмес. Буга чейин дагы көптөгөн жардамдар берилип келген жана мындан ары да улантылат. Ал эми каражаттын демөөрчүлөрү жергиликтүү эл дейт мечит имамы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ