Menu

21 жаштагы Кочкор районунун тургуну мал уурулук менен кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 30-сентябрь күнү Кочкор РИИБне Кочкор районунун тургундары арыз менен кайрылышкан. Себеби, жайыттан 7 баш жылкыларын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма Сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы фактылар боюнча Кочкор РИИБнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмышка шектүү катары Кочкор районунун Көк-Жар айылынын 21 жаштагы Т. К. аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кочкор РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: