Menu

Назарбаев ММК тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ММКлар тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу 28-декабрда өлкөнүн расмий маалымат каражаттары жазышты.

Мыйзам долбоорун парламент 21-декабрда жактырган. Ага ылайык, мыйзамга «пропаганда» түшүнүгү киргизилди. Андан тышкары журналисттер эми жарандардын мыйзам тарабынан корголгон сырларын ММКларга жарыялоодон мурда, анын ээсинен уруксат алууга милдеттүү болуп калышат. Муну менен катар Казакстанда катталган сайттардын ээлери макалаларга пикир калтырган колдонуучуларды аныктоого милдеттендирилди. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ММКлардын суроолоруна жооп берүүсү үчүн каралган мөөнөт эки жарым эсеге (7 күнгө чейин) узартылды.

Казакстандын журналисттер коомчулугу менен укук коргоочулар мажилис тарабынан өткөн айда жактырылган талаштуу өзгөртүүлөрдү четке кагуу өтүнүчү менен парламент сенатына кайрылуу жолдошкон.

Өткөн аптада айрым журналисттер, укук коргоочулар жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү парламент тарабынан жактырылган ММК тууралуу мыйзамга вето коюу чакырыгы менен президент Назарбаевге кайрылуу даярдашканын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: