Menu

Өзбекстанда президенттин ысымы ыйгарылган балдар үчүн артыкчылыктар берилбейт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда мамлекет башчынын ысымы ыйгарылган эгиздерге белектерди жана башка материалдык жардамдарды берүү тажрыйбасы токтойт. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары балдарына кандай ысым коюлганына карабастан, бардык ата-энелерге бирдей социалдык жардам берилет.

Бир ай мурда төрөлгөн үч эмге Шавкат, Миромон жана Мирзиё ысымын берген Хорезм облусунун жашоочусу жергиликтүү бийлик дагы, президенттик администрация дагы анын үй-бүлөсүнө көңүл бурбай жатканына даттанган.

Буга жооп катар Эмгек министрлиги бардык жаңы төрөлгөн балдардын ата-энелери бирдей жардам алышы керектигин билдиришти. «Балдарына мамлекет башчылардын атын койгон ата-энелер өзгөчө жардам алыш керек деп эч жерде жазылган эмес. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, бала эки жашка чыкканча ата-энесинин айлыгына жараша материалдык жардам берилип турат, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Учурда Шавкат, Миромон жана Мирзиё аттуу үч эмдин атасы жумушсуз. Буга чейин эки баласы бар үй-бүлөдө үч эмдин төрөлүшү, алардын каржы абалын кыйла оорлоткону айтылууда.

Балдарына өлкө жетекчисинин атын берүү тенденциясы Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эле болгон. Үч жыл мурун Анжиян облусунда төрөлгөн наристелерди Исломжон, Абдугани жана Каримжон деп аташкан. 2013-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген төрт эмге Хасан, Хусан, Ислам жана Карим ысымы ыйгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: