Menu

Кыргызстанда «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында «Электрондук дарбаза» тутуму ишке киргизилди

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда «Электрондук дарбаза» (E-gate) тутумунун ишке киргизилишине старт берди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, «Манас» эл аралык аэропортунда техникалык адистер тарабынан «E-Gate» үч программалык-аппараттык комплексин орнотуу боюнча иштер жыйынтыкталган.

Ошондой эле жабдуунун манжа тактары боюнча жүргүнчүлөрдү верификациялоо тутумуна карай иштөөсү алдын ала тестирлөөдөн өткөрүлдү.

Уларбек Шаршеевдин айтымында, аталган тутум менен Кыргызстандын өлкөгө кирип жаткан жана идентификациялык картага – 2017-жылкы үлгүдөгү (биометрикалык паспорт) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна ээ болгон бардык жарандар пайдалана алат.

Ал кошумчалагандай, жакынкы убакытта «E-Gate» тутуму «Ош» эл аралык аэропортунда орнотулат.

Өкмөт башчы биометрикалык паспорту аркылуу чек ара көзөмөлүнүн жаңы автоматташкан тутумун текшерип көрдү.

«E-Gate» тутуму «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу алкагында заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен чек ара көзөмөл тутумун өркүндөтүү максатында ишке киргизилүүдө.

Премьер-министр аталган чара өлкөгө учуп келген жарандардын ыңгайлуулугун, аба өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жүргүнчүнүн контролер менен байланышын жоюу аркылуу коррупциялык тобокелдикти кыскартууга, келген жарандардын эсеп тутумун жакшыртууга, ошондой эле атамекендик электрондук биометрикалык паспорттордун мүмкүндүгүн пайдаланууга шарт түзөт.

Сапар Исаков белгилегендей, «Электрондук дарбазаларды» өлкөнүн бардык өткөрүү пункттарында акырындык менен киргизүү зарыл.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы «Манас» эл аралык аэропортунун ишин жакшыртуу боюнча мурдагы берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүн текшерип, күтүүчүлөр жана учуп келүүчүлөр залдарын, аэропорттун тазартылган аймагын кыдырып чыгып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: