Menu

Ошто кошунасын тонойм деп кирип, өлтүрүп алган кылмышкер кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 26-декабрь күнү Ош шаарында жайгашкан үйлөрдүн биринде ѳрт чыгып, үйдѳн адам колдуу болуп каза болгон 1956-жылы туулган үй ээсинин жансыз денеси чыккан. Бул туурасында Ош ШИИБнин Басма сѳз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы Кыргыз Ресбупликасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам ѳлтүрүү) менен кылмыш ишин козгошкон. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары, 1992-жылы туулган С.Б. аттуу маркумдун кошунасы кармалган. Кармалган жаран кѳрсѳтмѳсүндѳ төмөнкүдөй маалымат берген:

25-декабрь күнү кечинде спирт ичимдигин алып, үйүнө барып ичип отуруп, кошунасын тоноо оюна келген. Түн ичинде маркумдун үйүнѳ киргенде, үй ээси аны байкап калып, шектүү менен мушташып кеткен. Ал эми кармалган жаран колундагы отвертка менен маркумду кѳкүрѳк тарапка сайып жиберген. Аялы кыйкыра бергендиктен аны дагы ээсин жоготкончо сабап салган. Андан соң, окуя болгон жерден качып кеткен. Эмне себептен үй ѳрттѳлүп кеткендиги боюнча шектүү «үй ээси менен мушташып жатканда бѳлмѳдѳгү от жаккан меш кулап кеткен болчу» деген кѳрсѳтмѳнү берген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: