Menu

Медреселердеги кошумча кесиптик билим алган жаштар өз алдынча чарба жүргүзө баштады

Бөлүшүү:

Медреселерде кесиптик билим берген долбоор иштей баштагандан бери бул окуу жайларда финансылык көз карандысыздыкка умтулган аракеттер башталды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Быйылкы жылы Сузак районундагы “Имам Аъзам” медресесинде окуган 39 кыз жана 11 бала “Медресе жаштарына кесип үйрөтүү” долбоорунун алкагында ашпозчу-кондитер кесибин үйрөнүп чыгышкан. Долбоорду Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырып, толугу менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылаган. Элчилик медресеге жаштардын кесип үйрөнүүсүнө толук шарт түзгөн керектүү жабдуулардын бардыгын сатып берип камсыздаган. Максат – жумушсуз жаштарга кесип үйрөнүүсүнө, жеке өзүнүнбү же үй-бүлөсүн болобу эч кимге көз карандысыз багып кетишине шарт түзүп, аларды аймактагы экстремисттик жана террордук топтордун азгырыгынан сактап калуу болгон. Азыр алардын айрымдары ашпозчулук кесипти жакшы үйрөнгөндүгүн далилдеп, Жалал-Абад шаарындагы кафелер менен кондитердик цехтерде иштешүүдө. Мындан тышкары алар өздөрү окуган “Имам Аъзам” медресесинде кулинария багытында сабак окутуп, кесипке үйрөткөн чакан имарат ачып, ошол эле жерден кондитердик азыктарды жасап сатканы жатышат. Тамак-аш биринчиден медреседе жатып окуган 64 балага жана келип-кетип окуган кыздар үчүн арзан, даамдуу жасалат. Экинчиден кулинардык багытта ачылган чакан жайдан түркүн нан азыктарын, печеньелерди чыгарат.  Сузак районундагы “Имам Аъзам” медресесинин мүдүрү Абдунасыр Авдувалиевдин айтымында жалпысынан 20дан ашык продукцияларды сапаттуу кылып даярдап, элге сатыкка чыгарсак деп жатышат.

«Бир жагынан алганда мыкты жасалган адал тамак-аш азыктарын чыгарганга шарт түзөбүз. Анткени өзүбүздө билим алган балдар деле тышка чыгып тамак-аш сатып алып турушчу. Экинчи бир жагынан ошол азыктар жасалган жерде балдар, кыздарыбыз тамак жасоонун түрлөрүн да үйрөнүп алышса болот»,- дейт Абдунасыр Авдувалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: