Menu

Бир катар депутаттар жана ЖК Аппараттын кызматкерлерине КМШ ПАА менен ЖККУ ПАнын сыйлыктарын ыйгарылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков  Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык Ассамблеясынын токтомуна ылайык, депутаттар Төрөбөй Зулпукаров менен Данияр Төлөновго уюмдун “Содружество” орденин тапшырды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Ассамблеянын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган медаль менен Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Бакыт Төрөбаев, Мухтарбек Айнакулов, Каныбек Иманалиев, Талайбек Масабиров, Бакирдин Субанбеков, Абдумажит Юсуров менен парламенттик Аппаратын жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов, Эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асангулдар  сыйланышты.

Ал эми уюмдун Ардак грамотасы депутат Алтынбек Жунус уулуна берилсе, 25 жылдыкка арналган эстелик белги депутаттар Акылбек Жамангулов, Абылкайыр Узакбаев, Евгения Строкова, Урматбек Самаев, Дүйшөн Төрөкулов менен Садык Шер-Ниязга жана Аппараттын Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси Найзабек Боскебеевге ыйгарылды.

Андан тышкары, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик Ассамблеясынын “Парламенттик кызматташууну бекемдегени үчүн” медалы менен депутат Ирина Карамушкина сыйланды. Ал эми аталган уюмдун Ардак грамотасы депутаттар Тазабек Икрамов менен Мурадыл Мадеминов, ошондой эле Аппараттын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы Чынара Океевага тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: