Menu

Мүлк фонду “Бешинчи каналдын” жабдууларын каттоого алат

Бөлүшүү:

Каржы маселесинен улам кызматкерлери жапырт жумуштан кетип жаткан “Бешинчи каналдагы” жабдууларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду каттоого алат.

Телеканалды мындан ары ким жетектей турганы белгисиз. Учурда каналга ээлик кылып турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин орунбасары Бекболот Алиев бул маселе чечиле электигин, бирок канал ишин токтотпой турганын айтты:

– Телеканалдын иш кагаздарын, жабдууларын тактап, инвентеризация кылышат. Жетекчилиги жана бир топ кызматкерлери кетип жатат. Техниканы тейлегендер, жабдууларга жооптуулар иштей беришет. Каналдын жумушу токтобойт.

Бирок жамааттын иштен кетүүсүнө негизги себеп болгон каржы маселеси кандай чечилери анык эмес. Алиев бул жаатта өкмөткө сунуш жиберилгенин айтты.

Каналдын жамааты иштен кетип жатканы тууралуу 27-декабрда жарыялашты. Жетекчиси Евгения Бердникова 15-декабрда кызматын тапшырууга арыз жазып, жагдайга каржы тартыштыгы себеп болгонун айткан.

Соңку он жылдан бери күн сайын элге жаңылыктарды сунуштап келген “Бешинчи канал” 28-декабрда кабарлардын акыркы чыгарылышын сунуштайт. Жыйынтыктоочу берүү телеканалдын тарыхына жана кызматкерлердин ишмердигине арналат.

29-декабрдан 31-декабрга чейинки берүүлөр, Жаңы жылга карата майрамдык көрсөтүү даяр. Аны техникалык кызматкерлер обого узатып турушат.

Канал алгач КООРТ деп түзүлүп, алгач мурдагы президент Аскар Акаевдин, андан соң кийинки мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин жакындары иштеткен. 2011-жылы улутташтырылган.

“Бешинчи канал” деген аталышты эфирге 2007-жылы 12-февралда чыккан. Каналда 80 чамалуу адам иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: