Menu

Тажикстанда тунгуч президенттин жубайы өрттөн улам каза болду

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги өлкөнүн тунгуч президенти Рахмон Набиевдин жубайы Майрам Набиеванын өлүмүнүн себептерин иликтейт. Маалыматтарга караганда, 80 жаштагы Майрам Набиева 28-декабрда Худжандда үйүнөн чыккан өрттөн улам каза тапты.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, кырсык болгон жерде тергөөчүлөр жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Майрам Набиеванын туугандарынын биринин айтымында, өрт күндүн экинчи жарымында чыккан. “Майрам апа үйдө жалгыз болчу, иске уулугуптур”, – деди ал.

Майрам Набиева 1937-жылы төрөлгөн. Акыркы жылдары Душанбеде жана Худжандда жашаган. Анын жолдошу – Рахмон Набиев 1993-жылы 11-апрелде инфаркттан улам көз жумган.

Рахмон Набиев 1991-жылы 24-ноябрда Тажикстандын президенти болуп шайланган. 1992-жылы 7-сентябрда Душанбе шаарындагы аэропорттон Худжандга учуп баратканда оппозиция тарапташтары тарабынан курчоого алынып, сапары үзгүлтүккө учураган. Ал ошол эле күнү кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: