Menu

Самаркандда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун Пайарык районунда 10-декабрда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 15 күндөн кийин талаада көмүлгөн жеринен табылды.

Райондук милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, кыздын өлүмүнө шектелип анын коңшусу шектелүүдө. Маалыматка караганда, аял күйөөсүн коңшусунан кызганып, анын 12 жаштагы кызын мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн талаага көмүп койгон.

Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. 12 жаштагы кыздын өлүмү боюнча учурда райондук милиция кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

– Кыздын атасы беш жыл мурда каза болуп калган. Кыздын өзүнүн өлүмүнүн себептери азырынча так белгисиз. Бирок адамдар аны коңшусу балта менен чаап, андан соң талаага көмүп койгонун айтып жатышат. Кыздын апасы коңшусунун күйөөсү менен сүйүү мамилелеринде болгон деп айтылып жүргөн. Коңшусу мындай жол менен атаандашынан өч алды деген ушактар тарады. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: