Menu

Kaz Minerals кенчилердин иш таштаганы тууралуу маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

Батыш-Казакстан облусунун Артемьевск кенинин шахтачылары ишке чыгышкан жок. Аймактык ММКлар маалымдагандай, түнкү нөөмөттө иштеген кенчилер эртең менен жер алдынан чыкпай, таңкы нөөмөтчүлөрдү ичкери киргизишкен эмес.

Kaz Minerals компаниясынын өкүлү Ермек Дюзкенев 28-декабрда бул маалыматты четке какты.

Анын айтымында, түнкү нөөмөтчүлөр графикке ылайык иштешкен. Күндүзгү нөөмөтчүлөрдүн алмашпаганын ал жумушчулар менен жетекчилер чогулуш өткөргөнү менен түшүндүрдү. Жыйында үч айлык иштөө графигин ишке ашыруу, айлык акыны жогорулатуу маселеси каралган.

Дюзкенев шахта штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.

Өткөн айда Казакстандын Караганда облусунун “Казакмыс” жез кениндеги шахтачылар жумуш шартын жакшыртууну жана айлык акысын көбөйтүүнү талап кылып иш ташташкан. Мындан соң жетекчилик маянаны отуз пайызга чейин жогорулатууга макул болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: