Menu

Өзбекстанда таасирдүү генералдардын бири отставкага кетти

Бөлүшүү:

Салык комитетинин 71 жаштагы төрагасы, Өзбекстандагы таасирдүү генералдардын бири Батыр Парпиев жумуштан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттөгү булактар билдиришти.

Чиновниктердин айтымында, генерал-лейтенант Батыр Парпиев отставкага кетүү боюнча Шавкат Мирзиёевге эки ай мурун эле арыз жазган.

– Ал өз чечимин ден соолугунун начарлап кеткени менен түшүндүргөн. Акыркы убактарда буту ооруп жүргөн. Бирок президент анын арызын кабыл алган эмес, – дешти алар.

Буга чейин Салык комитетинде жапырт түрдө “кадрларды тазалоо” жараяны өткөн.

Президент Мирзиёев 12-июлда салык кызматкерлерин ишкерлерди ыксыз текшерүүгө айыптаган. Анда өзбек лидери жакын арада салык системасында олуттуу өзгөрүүлөр болорун эскерткен.

Батыр Парпиев мекемени 2004-жылдан тарта жетектеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: