Menu

Өкмөт кичи ишкердүүлүк субъектилерин микрокаржылоо Программасын ишке киргизди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. «Кичи бизнес микрокаржылоо жаңы аспабынын көмөгү аркылуу өнүгүү үүчүн жаңы дем алат. Жаңы жумушчу орундары түзүлүп, жаңы кичи ишканалар ачылат, экономикабыздын ар-кыл тармактарындагы өндүрүш кеңейтилет», – деди Сапар Исаков.

«Кыргыз Республикасынын кичи ишкердүүлүк субъектилерин микрокаржылоо» Программасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» Программасынын «Жеткиликтүү кредит» 10-кадамын ишке ашыруу алкагында жеңилдетилген насыялоо аркылуу кичи ишкердүүлүк субъектилерин колдоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду аталган программаны ишке ашырууга 10 млн АКШ долларын бөлөт. Кичи ишкердүүлүк субьектилерине кредиттер Программа негизинде Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду тарабынан тандалган финансы-кредиттик мекемелер аркылуу берилет. Микрокредиттер төмөнкү тармактардагы ишкердүүлүктү ишке ашыруу үчүн берилет:

1) агроөнөржай комплекси:

2) жеңил өнөр жай: тигүү жана текстиль өнөр жайы;

3) кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле айыл жергесинде атамекендик сырье жана материалдарды кайра иштетүү боюнча аймактарда экономикалык ишкердик менен алектенген ишканалар;                                               4) атамекендик өндүрүш, өзгөчө, айыл чарба продукциясын даярдоо, маркетингдөө, алга жылдыруу жана сатуу менен алектенген аймактык соода-логистикалык компаниялар

5) айыл жергесиндеги туризм, анын ичинде экотуризм, айыл чарба туризми жана тоо туризми;                          6) төмөнкүлөрдү камсыздаган экономиканын бардык тармактары: – экологиялык таза продукцияларды өндүрүү; – заманбап технологияларды киргизүү; – жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу; Мында кластердик өндүрүштү киргизген жана экономиканын приоритеттүү тармактарында иштеп жаткан кластерлердин кошумча нарк чынжырчасынын катышуучусу эсептелген ишкердик субьектилери артыкчылыктуу болуп саналат.

Төмөндөгү ишкерлик түрлөрүн насыялоого тыюу салынат:

 1) тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук сусундуктарды курал-жарактарды, баңгизаттарды өндүрүү (медициналык маанидеги дармектерден тышкары);

 2) оюн бизнеси;

3) балдар эмгегин күчтөп пайдаланган тармактар;

  4) мыйзам тарабынан тыюу салынган ишкердүүлүктүн башка түрлөрү.

Программага ылайык, кичи ишкердик субъектилерине микрокредиттер төмөнкү шарттарда берилет:                1) Жеке микронасыялоо, же топтук микронасыялоодо кредиттин суммасы 500 миң сомдон ашпоосу керек (бирикке займчылар тобуна);

2) насыялоо мөөнөтү – 24 ай, жеңилдетилген мезгил – 6 ай. Микрокредит улуттук валютада берилет, кичи ишкердик субъектилери үчүн жогорку пайыздык чек – 14 пайыздан жогору эмес;                                                         3) үстөктөрдү төлөө ай сайын жүргүзүлөт, кредиттин негизги суммасы бирдей үлүштө төлөнөт (квартал сайын);

4) финансы-кредиттик уюмдар өзүнүн жеке ички процедураларына ылайык, күрөө менен камсыздалган жана камсыздалбаган кредиттерди бере алат, күрөөлүк камсыздоо талап кылынган кезде күрөө кредиттин суммасынан 120 пайыздан ашпоосу тийиш;

5) финансы-кредиттик уюмдар кичи ишкерлик субьектилеринен кошумча комиссиялык төлөмдөрдү, анын ичинде кредитти мөөнөтүнөн эрте төлөөсү жана эсептик счеттон каражаттарды накталай алуусу үчүн төлөм алууга укугу жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: