Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жеке курамынын кызматкерлери үчүн Нарын шаарында курулган турак-жайлардын ачылыш салтанатына катышты.
Өкмөт башчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак-жайлуу болушу менен куттуктап, бул алар жана алардын үй-бүлөсү үчүн жаңы жыл алдындагы чыныгы майрам экендигин белгиледи.
«Акыркы жылдары куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар чаралар кабыл алынган. Өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан аталган түзүм кызматкерлери үчүн турак-жайларды пайдаланууга берүү боюнча активдүү иш башталган. Бул өлкөдө жакшы салтка айланды жана келечекте улантылышы зарыл», – деп белгиледи Сапар Исаков.
«Өкмөт тараптан куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн максималдуу колдоо көрсөтүү, жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантылат», – деди Өкмөт башчы.
Премьер-министр иш-чара катышуучуларын Жаңы жылы менен куттуктап, тынчтык, бакубаттык жана ийгиликтерди каалады. Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан турак-жайлардын аймагын көрктөндүрүү үчүн акчалай сертификаттар бөлүнгөн.
Маалымдама: Ар-биринде 24 квартиралуу эки турак-жайдын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган жана Россия Федерациясынын каражатынын эсебинен ишке ашырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ