Кадырлуу Кыргызстандыктар!
Урматтуу мекендештерим!
Сиздерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн жана «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын атынан чын дилимден куттуктайм!
2017-жыл биз үчүн, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү жылдардын бири болду. Өлкөбүз өзүнүн демократиялык өнүгүү жолунда дагы чоң сыноону башынан өткөрдү.
“Улуттар Биримдиги” элдик партиясы мамлекетибизде демократиялык өнүгүү принциптери өз маанисин жоготпойт, сөз эркиндигине басым көрсөтүлбөйт, адам укуктары тебеленбейт, бардык саясий күчтөргө Кыргызстандын келечеги үчүн ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратылат деген изги тилекте. Биздин партия бул принциптерди дайыма бийик тутуп келген.
Мен өлкөдөгү бардык саясий күчтөргө, граждандык коомдун өкүлдөрүнө айткым келет – өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы кызматашууга дайыма даяр.
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстан үчүн келе жаткан 2018 – жыл ѳнүгүүнүн, жаңылануунун, тынчтыктын жана туруктуулуктун жылы болушуна тилектешмин!
Элибизде ынтымак менен ырашкерлик болсун, жергебизди тынчтык –бейкуттук ыроолосун. Жараткандан элибиздин биримдигин, журтубуздун бүтүндүгүн тилеймин. Тынчылык, береке, токчулук, ынтымак дайыма биздин жашообузга шериктеш болсун!
Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу Кыргызстандыктар!
Мелис Мырзакматов, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ