Бүгүн, 30-декабрда Бишкектин “Көк-Жар” конушу шаардын газ түтүгүнө кошулду. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу өткөн салтанаттуу иш чарага “Көк-Жар” конушунун жашоочулары, шаардын Октябрь райондук акимчилигинин жана “Кыргызстан-Газпром” ишканасынынын кызматкерлери катышышты.
Быйыл “Көк-Жар” конушунда жер астына көмүлүп, 60,8 чакырым газ түтүгү тартылды. Үйүнө газ киргизүүнү каалап арыз берген конуштун 1100 тургунунун 86сына бүгүн газ киргизилди. Калганы 2018-жылы улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ