Menu

Өмүрбек Бабанов: “Мен депутаттык мандатымды тапшырам, саясаттан толук жана биротоло кеткенимди билдирем”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери, президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов өзүнүн депутататтык мандатын тапшыргандыгын, саясаттан толук жана биротоло кеткендигин жарыялаган билдирүү таратты:

“Кыргызстанда быйыл демократиялык, атаандаштык негизде президенттик шайлоо өттү, бул албетте экс-президент Алмаз Атамбаевдин эмгеги. Биздин өлкө эми өзгөрүүлөр жолуна түштү жана бул жолдон эми эч жакка бурулбайт.

Мен президенттик шайлоого чейин эле өзүмдүн командама “эгер шайлоодон утулуп калсам саясаттан кетем” деп убада бергемин.

Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат.

Мен келечекте эч кандай саясый кызыкчылыгы жок эле Кыргызстанга инвестицияларды, алдыңкы технологияларды тартуу боюнча иштегим келет…”, – деп айтылат Бабановдун билдирүүсүндө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: