Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр, ЖК Төрагасы жана Жогорку соттун Төрайымы менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда Жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, бардык бийлик бутактарына жакшылыктарды жана мамлекетти өнүктүрүп, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын  жогорулатууга багытталган ишмердигине ийгиликтерди  каалады.

«Өткөн жыл татаал болсо да, жалпысынан жакшы болду. 2017-жыл өлкөнүн баардык жашоо тармагында кыйла өсүш жана олуттуу жетишкендиктер менен жыйынтыкталууда. 2018-жылга карата алдыда чоң милдеттер турат, биргелешкен аракеттер менен өлкөнү өнүктүрөбүз, туруктуулукту бекемдейбиз жана кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: