Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Осмоналиев Акылбек Шарипович Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин бул кызматта иштеген Түлөбердиев Ренат Темирбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ