Худжанддын төрт жашоочусу натрий нитрати кошулган ашка ууланып мерт болду. Бул боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын 2-январда шаар прокуратурасы кабарлады.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, плов даярдоо учурунда “натрий селитрасы” же “чили селитрасы” деп аталган натрий нитраты колдонулган.
“Трагедия болгон жерде бул заттын калдыктары бар куту табылган. Натрий селитрасынын өлүмгө алып келчү дозасы маркумдардын организминде дагы табылды”, – деди Худжанд прокуратурасындагы өз булак.
Маалыматтарга караганда, 30-декабрда жергиликтүү тургандар Жаңы жылдын алдында майрамдык дасторкон жайып, плов жешкен. Иш-чара трагедия менен аяктап, төрт киши ууланып каза тапкан, алардын арасында 67 жаштагы ашпозчу Комил Зоиров дагы бар. Жети киши ооруканага жеткирилген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөчүлөр натрий нитратын ким алып келгенин териштирүүдө.
Натрий нитраты – түссүз, жытсыз, туз даамданган кристалл. Ал жер семирткич катары жана тамак-аш, металлды кайра иштетүү өнөр жайында, жардыруучу заттарды даярдоодо колдонулат.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ