Menu

Жизакта оорукана санитарларын район башчысынын иш бөлмөсүн тазалоого мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жизак облусундагы Дустлик райондук ооруканасынын санитарларын жумуш маалында район башчысынын иш бөлмөсүн жыйнап, кийимдерин жууп, бут кийимин тазалоого мажбурлап жатышат. Бул маалыматты аты-жөнүн айтпаган акимчилик кызматкери ырастады.

Дустлик районунун жашоочуларынын биринин билдиришинче, райондук ооркукананын санитарларын район башчысынын иш бөлмөсү менен эс алуу бөлмөсүн, ошондой эле дааратканасын тазалоого мажбурлап жатышат. «Бул жөнүндө мага санитарлардын өзүлөрү айтышты. Аны айтып жатканда алар ыйлашты. Баш тарткандарын жумуштан бошоторун айтып опузалашкан. Бизде бул аялдардын укуктарын коргой турган бир дагы уюм жокпу?», – деп суроо салды ал.

Санитарлардын бири акимчиликке аларды райондук оорукананын башкы медайымы жөнөткөнүн айтты. «Биз 24 сааттык нөөмөттө болчубуз. Бизге башкы медайым келип, чүпүрөктөрдү алып райондук акимчиликке барышыбыз керектигин айтты. Барсак район башчысынын орун басары жетекчисинин иш бөлмөсүн хлор менен тазалагыла деп буйрук берди. Биз ден соолугубузга зыян экенин айтып каршы богонубузга карабастан анын эс алуу бөлмөсүн, дааратканасын дагы тазалоого мажбурлады», – деди ал.

Айтымында, санитарларды аткаминердин иш бөлмөсүн жыйноодон тышкары, анын жеке буюмдарын жууп-тазалоого мажбурлашкан. ​«Илгичтин жанында эки байпагы жаткан. Бизди аларды жууп, аткаминердин бут кийимин тазалап, майлап коюуга мажбурлашты. Анын кийимдерин жууп берчү жубайы менен кыздары жокпу? Биз анын жеке кызматчысы эмеспиз да», – деп нааразылыгын билдирди ал.

Райондук орукананын дагы бир санитарынын айтымында, райондун башчысынын орун басары жетекчисинин жеке буюмдарын тазалоодон баш тарткан санитарларды жумуштан аларын айтып опузалаган.

Ал ошондой эле Дустлик районунун башчысы борбордук оорукананын башкы дарыгерине үч күн сайын санитарларды жөнөтүп, анын иш бөлмөсүн жыйнап, жеке кийимдерин жуудурууну тапшырганын кошумчалады. Бирок акимчиликтен бул маалыматты четке кагышты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: