Кечээ, 3-январда Перуда 55 жүргүнчүсү менен Гуачо шаарынан Лима шаарына бараткан автобус бийик тоолуу жолдо “Шайтандын бурулушу” деген жерден, 100 метр бийиктиктеги зоодон деңиздин жээгине кулап кетти.
Кырсыктан 48 адам каза болду, 7 адам оор жаракат алып, тик учма менен ооруканага жеткирилди. 12 кишинин сөөгү деңизден табылды.
Алдын-ала маалыматтар боюнча автобус катуу ылдамдыкта келатып, жүк ташуучу оор машина менен кагышкан. Полициянын билдирүүсүнө караганда эки унаа тең ылдамдыктын бул жердеги чектелген чегин сакташпай, өтө катуу ылдамдыкта баратышкан.
https://www.youtube.com/watch?v=qI6celV2DyU&feature=youtu.be
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ