1-январдан 2-январга караган түнү жүрөк оорусунан улам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Жыргалбек Калмаматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Маркумдун сөөгү 3-январда өзүнүн кичи мекенинде жерге берилди.
Эске салсак, Жыргалбек Калмаматов “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаты болгон. Ал 1972-жылы 22-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. 1933-жылы финансы-экономикалык техникумду “Салык салуу” адистиги боюнча аяктаган.
Жыргалбек Калмаматовдун артында жубайы жана тогуз баласы калды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ