Этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү аркылуу улуттук биримдикти бекемдөөгө көмөк көрсөтүү, өлкөнүн маданий мурастарын жана этностук көп түрдүүлүктү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелинде №74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо” концепциясынын алкагында Баткен шаарындагы Баткен Мамлекеттик Университетинде 2018-2023-жылдарга карата жарандык интеграцияны өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максаттар жана милдеттерди талкулоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, дин кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө жыйынга катышкан жетекчилер тарабынан атайын баяндамалар окулду. Ошондой эле Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошовдун “Исалмда улут арасындагы мамилелер” туурасында сөз сүйлөп, Ислам дининдеги улуттар аралык биримдик боюнча аят, хадистерден баяндап берди.
Мындай иш чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, сунуштар, ой-пикирлер, толуктоолор жана жаңы идеяларды эске алуу менен 2018-2023-жылдарга карата Жарандык интеграцияны өнүктүрүү боюнча концепция кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ