Menu

Сабыр Муканбетов: “Эл АШАнын “баарын басып чөгөлөтүп алам” деген көтөн зордук саясатынан тажап, Асилбек Жээнбековдун жаңы партиясынан үмүт кылып турат”

Бөлүшүү:

– Сабыр байке, мына Жаңы жыл да босогого келип турат. Ушу өтүп бараткан 2017-жыл тууралуу кеп  салышсакпы деп турам. Бул жыл эмнеси менен эсиңизде калды, келе жаткан жылдан эмнени күтөсүз? Ушу тууралуу бир аз ой бөлүшүп анан маегибизди уласак.

– Өтүп бараткан 2017-жылды, кандай деген күндө да жакшы жыл болду дегим келет. Эл тынч, экономикабыз эңшерилип кете тургандай кризис жок, эң негизгиси бийликти шайлоо аркылуу, мыйзамдуу жол менен алмаштырууга жетишип жаңы президенттүү болдук. Орто Азиядагы мамлекеттердин биринде болуп  көрбөгөн, биринин да колунан келбеген демократиялык нормаларды киргизип, үлгү болуп турганыбыз чоң жеңиш. Биз муну баалай билишибиз керек! Анан, “медалдын эки бети бар” дегендей, 2017-жылдын, албетте өкүндүрө турган окуялары да болду. Коррупцияга каршы күрөш урааны астында көптөгөн саясатчылар  репрессияга кабылып, камалып, далилсиз соттолуп абактарда олтурат. Сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысымдар жасалып, сот аркылуу миллиондогон айып пулдар салынып жатат. Бир жагынан, тигинтип дүйнөгө үлгү болуп, шайлоо жолу менен бийлик алмаштырып жатабыз, экинчи жагынан ошол максаттарга жетебиз деп жатып башка баалуулуктардан айрылуудабыз. Демократиялуу өлкөлөргө таандык болгон бийликтин үч бутагынын бири сот бийлигин жер менен жексен кылып, президенттик бийликке толук көз каранды кылып алдык.

Сот адилеттүүлүгү деген түшүнүк такыр өлдү. Элдин сотторго болгон ишеними мурунтан эле абдан төмөн эле, эми болсо эл таптакыр ишенбей калды. Бул абдан чоң орду толгус жоготуу. Сот адилеттүүлүгү жок жерде эч кандай өнүгүү болбойт. Муну калыбына келтирүү оңой эмес. Азыр сот реформасы тууралуу сөз көп. Бийлик да реформаны улантуу керек деп жатат. Бирок айтылган сөз ошол жерде эле калып жатат. Анткени, колуңда көз каранды сот системасы болгону маселе чечкенге жеңил экенин билип, сотторго өз алдынча иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн бергилери келишпей турушат. Экинчи жагынан сот тармагында иштеген  адистер, сот болуп иштеген жарандар да мыйзам чегинде өз укуктарынын чегинде иш алып бара турган чечкиндүүлүккө ээ эмес. Алардын баарын кууп жиберип жаңыларын алып келүү менен эле иш оңуна жылат деп да айтыш кыйын. Анткени коомдун деңгээли жалпы жонунан ошондой арабөк, жеке кызыкчылыктарын алдыга койгон, сатылма жарандардан турат. Ооба чынчыл, патриот инсандар бар, жок эмес. Бирок алар өтө аз. Ошого карабастан, ошол бакырчаак,чечкиндүү, бир ууч патриот жарандарыбыздын деми менен Орто Азияда демократиялык нормаларды орнотуу багытында үлгү боло алдык.

– Эми жаңы шайланган президентибиз тууралуу учкай кеп козгогум келип турат. Сооронбай Шариповичтин (Соке) шайланышын эл жакшы кабыл алып, алгачкы Маскөө, Минскиге болгон иш сапарлары ийгиликтер менен коштолуп, рейтинги кескин көтөрүлгөнүн билесиз. Бирок азыр ошол рейтиңг турукташпай бир күнү өйдө, бир күнү нөлгө чаап калчылдап жатат. Мурдатан эл ичинде, “Жээнбековду музоо кезинде сүзүп койгон Атамбаевдин айтканынан чыга албайт” деген сөздөр айтылып келсе, азыр ошолор “мына, көрдүңөрбү,  айттык беле?” дешип жатат. А кеп чынында, мындай сөздөрдүн чыгышына Соке өзү жол берип, чечкиндүүлүгү жок болуп жаткан жокпу?

– Сен туура баамдап жатасың. Чындыгында эле жаңы президент жумшак, алсыздай көрүнүп жатат. Экс-президенттин да ашкере кийлигишүүсү болуп жатканы байкалууда. Бирок бул убактылуу нерсе деп ойлойм. Атамбаев деле жаңыдан президент болгондо алактап, Жогорку Кенештеги (ЖК) фракция лидерлерине тили өтпөй кайпактап жүргөнү эсибизде. Андыктан убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келет деп ишенели. Экинчиден, былтыркы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр бонча президенттин ыйгарым укуктары кыйла чектелген. Экономика маселелерине, өкмөттүн иштерине, айрыкча аткаруу бийлиги багытындагы кадрдык дайындоолорго, финансы каражаттарынын колдонулушуна дээрлик, тикелей кийлигише албайт. Анан, бизде, “колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү” деген кеп бар эмеспи, ошого байланыштуу акча менен кадрдык дайындоолор ким жакта болсо ошонун көзүн карашып жатпайбы.  Анүстүнө премьер министр да “президентти парламент шайлагандай кылышыбыз керек” деп, “бирөөнүн айгагы менен эле болсо керек” – таризинде жөөлөп да жибербедиби. Ошон үчүн “Сокенин колунда эч нерсе жок, колунан эч нерсе келбейт” деген кептер чыгып жатат да. Бирок, эгер туура баамдап баа бере турган болсок, президенттин ыйгарым укуктары жетиштүү. Улуттук коопсуздук, коргонуу, прокуратура, сот адилеттүүлүгүн камсыздоо багытындагы  ыйгарым укуктарынын чегинде, толук кандуу иш алып бара турган болсо премьер-министириңди чөгөлөтүп коюу мүмкүнчүлүгү бар.

– Албетте президенттин ыйгарым укуктары бар. Бирок кептин баары ошол укуктарын колдоно албай, керек болсо аппаратын шайлай албай жаткандан улам чыгып атпайбы. Эл деген өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Шайлоодогу убадалар эстен кете элек. Анан эми болуптур сиз айткандай, убакыт керек экен. Күтөлү болуптур. А бирок, берки скептиктердики туура чыгып калса “экс президент алты жыл бою моюнуна минген бойдон калса, Соке баш көтөрө албаса”, анда кандай болот, анда?

– Биздин коомдун турукташышы оңойго турган жок. Алмазбек Атамбаев оппонентерин мыйзамсыз жолдор менен болсо да камап, матап, зордук-зомбулук көргөзүп отуруп тынчтандырганын моюнга алуубуз керек. Башкача айтканда “буга теңелсек балээге калабыз” деп корккондон улам мурдагы активдүү көпчүлүк оозун жаап турат. Аз сандагы кажыбас-кайраткерлер гана калып, аларды колдоп чыгаар массовкасы жоктугунан “тынчтык” өкүм сүрүүдө. Муну менен мен авторитаризмди даңазалайын деген жерим. Мен бүгүнкү күндүн чындыгын гана айтып жатам. Соке ошондой кырдаалда Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин (АША), КСДПсынын аркасы менен президент болуп атса анан келе калып эле баарын туш тарапка “посылать” этип, “бүттү эми өзүм билем” десе кандай болот? Аларды тээп салгандан кийин кимге, кайсы саясый күчкө, кайсы партияга таянат. “Ата Мекен”, “Республика”, “Өнүгүү” партияларына таянабы? Алар таяныч боло алабы?
“Мен сени президент кылсам сен мага ушинттиң” деп АША чалкасынан кетип “буча” чыгарса кандай болот? Көрдүңөрбү ахыбал айрымдар ойлогондой жеңил-желпи иш эмес. Ошон үчүн бул жерден ойлонуп иш кылыш керек болуп атат да. Ошондуктан, менин ойумча, ашыкпаш керек деген эле ой туурадай көрүнүп жатат. Соке деле оңой адам эмес, акыл-эси жетиштүү болгон үчүн, жолун таап, президенттик тактыга жетти да. Ошондуктан эл шайлаган президентке этек –жеңин жыйганга шанс беришибиз керек. Соке, “элим, жерим үчүн болгон күчүмдү, тажырыйбамды,өмүрүмдү арнайм” деп айтты го, ошого ишенели! Күтөлү. Мисалы мен ошого ишенип турам! Азыркы тирешүүнүн баары убактылуу. Кези келгенде Сокебиз эл үчүн туруп берет деп ойлойм. Бирок чындыгында эле Соке сен айткандай кыйын кырдаалда турат. “Ары барсаң атың өлөт, бери кетсең өзүң өлөсүң, ошо жерде тура берсең баары бутун сүрүп өтө берип тряпка болосун” деген эле денгээлдеги кеп болуп жатат. Сен экөөбүз ушундай абалга кептелсек кандай чыгат элек, ушу  кырдаалдан? Чыга алат белек? Көрдүңбү Сокеге абдан кыйын болууда. Акыры чыйралып, жолун таап, элдин кызыкчылыгы үчүн эски патрондорун ордуна койууга туура келет. Эгер ага духу жетпесе анда кыйын болот го. Пол сүргөн тряпканы кайрадан бет аарчы (полотенца) кыла албайсың да? Ошондуктан бүгүн аны  сындагандан көрө колдогон туура деп айткым келет. Колдой туралы…

– Эми бийликти колдон чыгаргысы келбеген АША партиялык сьезд өткөзүп, КСДПнын ген.секретары болуп шайланып, артынан парламенттик шайлоо өткөзүп, “51 пайыз менен женишке жетип, коалиция түзбөй эле башкаруучу партия болгон КСДП менен парламентти, өкмөттү да башкарам, чектен чыгып баратса эл башы болгон президентти да көчүгүн түйүрүп салам” дегенге бара жатса не дешибиз керек? Ошого макул болушубуз керекпи?

– АШАнын бийликтен четтегиси келбей жатканынын себеби, ага көндүм болгон финансалык агымдарга эле байланыштуу эмес деген ойдомун. Анын топтогон акчасы жетиштүү, кеп акчада деле эмес. Кеп келечекте, ал зомбулук көрсотүп, мыйзамсыз кордук көрсөткөн адамдардын жоопкерчилигинен коркуп жаткандай сезилет. Ошол үчүн ал, болгон аракетин, мурунку саясатын улантууга, мурдагы тартиптердин сакталышын камсыздоого жумшайт деген ойдомун. Ошондуктан АША гана кайра шайлоону көздөп жаткандай сезилет. Калгандардын баардыгы АШАдан тажап бүткөндүгүнө байланыштуу Сокеге ишеним артып, кайрадан парламенттик шайлоо өтүүсүнө каршы болуп турушат. Керек болсо азыркы парламенттин кейпинен тажаган коомчулук да, “эгерде АША кайрадан келе турган болсо, анда парламент кала берсин” дегенге макул болуп жатканы да бекеринен эмес.

– Дагы үч жылдык мөөнөтү бар мандатты ыргытып жиберип, кайрадан жүз миңдеген долларга мандат сатып алыш кимге керек (?), деген пикир ЖКда ачык айтылбаган менен кулуарларда кеңири талкуулана баштады. Сооронбай Жээнбековду, жаңы бийликти пир туткандардын баары президенттин иниси мурдаагы спикер Асылбек Жээнбековдун айланасына топтолушуп жатканы, ушу базада жаңы партия тузүү ниети бар экендиги айтыла баштады. Ушу маселеге кыскача кайрылып, оюңузду билдире кетпейсизби?

– Бул жерде кеп мандаттын баасында эле эмес. Эл, ошол эле депутаттар баардыгы өзгөрүүлөрдү каалап жатканында болуп жатпайбы. Адилетсиз, көтөн зордук саясаттан тажаган коомчулук замандын өзгөрүшүн каалап жатат. Коомго ошондой кепилдик бере албаган ЖК дагы өзүнүн жоопкерчилигин сезип, кимдир бирөөнүн колу менен болсо да аз-маз мыйзамдуулук орношун каалап жатат. Ошон үчүн баардык саясый күчтөр эски бийликтин доорунун аякташын, жаңы бийликтин жаңы эрежелеринин киришин, ал эрежелердин заманбап, доорго ылайыктуу болушун тилеп жатат. Ошол багыттан алганда Асылбек Жээнбековдун кийинки парламенттик шайлоого жаңы партия менен катышаары тууралу айтылган ойу  кеңири колдоого алынып жатканы да бекеринен эмес. Партиялык курулуш чалды –куйду, акчалуу, алды күчтүү негизинде куралган партиялар, аты бар заты жок заманда ала көздү атынан чакырганга не жетсин. Ушу багыттан алганда “баарын басып чөгөлөтүп алам” деп жаткан АШАнын аракетине каршы жаралган партия элдин кеңири колдоосуна ээ болоору шексиз. Эл Асилбекти сүйгөнүнөн эмес, АШАдан кутулуу ниети чегине жеткени үчүн да жаңы күчкө карай көңүлү оой турганы шексиз. Бул жаңы партия албетте жеңишке жетишет. Анткени эскиден тажагандар, жаңыдан үмүт арткандар көп. Бул партия катышпай АША толук бийликти басып алса, перезидентиң да, спикериң да АШАнын колундагы оюнчукка айланат. А эгерде Асылбек Жээнбеков баштаган партия бийликке келсе тең салмактуулук орноп, Атамбаев  менен  Жээнбековдордун партиясы коалиция түзүүгө мажбур болот. Болбосо, АША түбөлүктүү башкаруучу коалициясыз жеке бийлигин орнотууга мүмкүнчүлүгүн алса анда дагы чейрек кылым көз жашыбыз шорголойт, ушундай каалаганды камап-матоо улантыла берет дей берсеңиз болот. Керек болсо, ошол эле Жээнбековдор “ишенимди актай алган жоксуңар, каршы бут тостуңар” иретинде катуу жазага кириптер болушу турган иш. Андыктан, бүгүнкү жаныңдын жайлыгы, курсагыңдын токтугу маанилүүбү же элиңдин астында жүзүңдүн жарыктыгы маанилүүбү? Соке үчүн, бүгүнкү күндүн таалылуу суроосу ушул!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: