Menu

Эки аял алуу: эрендикпи же эси жоктукпу?               

Бөлүшүү:

Учурда социалдык тармактарда эле эмес, Жогорку Кеңештин жонуна жетип, кызуу талкуу жаратып жаткан “экинчи аял” маселеси көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Эки аял алып жесирлердин жана жетимдердин санын азайтса болобу, көп аялдуулук өлкөдөгү сойкулук маселесин чечеби, жооп издеп көрөлү дедик.

Чуу жараткан Чубак Ажы

Белгилүү диниятчы Чубак Жалилов экинчи аял алганын ачык айтып, башкаларга да чакырык таштаганы кыргыз коомунун талкуулаган башкы темасына айланды. Анын кадамын жактырып жактагандар да, сын айтып сындагандар да бар. Мисалы, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Чубак ажы өзүнүн сөзү менен эки аял алууга буйрук бербегенин, жөн гана шариятта болгон нерсени айткан десе, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бул нерсени шариятка да такап жатышат, бирок азыркы күндө коом өзгөргөн, илгерки беш аял алып, аларды бир байбиче башкарып жашаган заман жок. Анда кыздарга билим берип окутпай, караңгы бойдон кармаш керек деген пикирде.

Чубак ажы өзүнүн бул кадамын ислам шарттары жана улуттун келечегин ойлогону менен түшүндүрүп, экинчи аял алуу менен өлкөдөгү бир топ маселелерди чече алабыз деп белгилеген. Бирок алты сааттык тергөөдөн кийин ажы экинчи аял албаганын, “ал жөн гана сүйүктүүсү” экенин билдирген. Эки аял алганын алгач жар салып, кайра албаганын айтып четке чыккан Чубак ажынын чуусун социалдык тармактарда “билети жок бекер театр” сыяктуу баалагандар да четтен чыкты. Алардын бири фейсбуктун активдүү колдонуучусу Азамат Айыпов.

“Жаңылып сүйлөгөн жалынып тынат дейт го элибизде. Чубак ажыга азыр бир гана суроо бериш керек. Экинчи аял алганы чынбы же калппы? Эгер чын болсо мыйзамдуу түрдө эки жылга эркинен ажыратылышы шарт. Ал эми үйлөнбөгөн болсо, боштондукка чыгарып жалпы элге ажынын алдамчы экенин билдириш керек. Экинчи же үчүнчү суроонун, же териштирүүнүн эч кажети жок. Бир алдым, бир алган жокмун деп баланын оюнун ойногон аалымдын атына жарашпайт. Чубак ажы деле ошончо сооп иш жасагысы келсе 52-55 жаштагы жесир же жашоосун оңдойм деп жүргөн сойку кыздардан алса болмок”, – деп жазган А. Айыпов.

Дагы бир интернеттин активдүү колдонуучусу Гулжигит Исаков ажыны сындагандар чет жакта иштеп жүргөн аялзатын ойлоп да коюшпайт деп кейиген.

“Мигрант болуп жүргөн кыргыз кыздар толтура. Алардын тагдыры эч кимди кызыктырбайт. Кыйналып, кысталып, бөтөн элде тебеленип, улутунан жок, же дининен жок болгондон көрө өз жерибизде жашашса деген эле тилек. Шариятта үйлөнүү арам нерсе эмес го. Адилеттүү карап, моралдык жана материалдык укуктарын тебелебесе 3-4 аял алууга уруксат берилет. Бирок, бул буйрук эмес. Жөн гана уруксат экенин түшүнүү керек”, – деп жазган Исаков.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева социалдык жактан муктаж жесир аялдарды тойгузуу үчүн экинчи аялдыкка алгандын ордуна ошол эркектер жумуш орундарын түзүп беришсин деген оюн билдирген.

“Аялдар “Чубак ажы андан көрө бизге тандыр же тигүүчү машина алып берсинчи, өзүбүз иштейли” деп жатышат. “Демократия жарандык коом үчүн” коалициясы быйыл 5-12-июлда сурамжылоо жүргүзүптүр. Ага катышкандардын 67 пайызы көп аялдуулукка каршы болсо, 21 пайызы макул болгон. Бирок, “сиздин кызыңыз, аялыңыз, сиңдиңиз же өзүңүз бирөөнүн экинчи аялы болууга даярсызбы?” деген суроого макул болгондордун үчтөн бир бөлүгү кайра каршымын деген. Болбосо дагы ушундай сурамжылоо жүргүзүшүбүз керек”, – деген Касымалиева.

Белгилей кетчү жагдай, диниятчылар көп аял алуу сунушуна Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көп деген маалыматты жүйөө келтирип жүрүшөт. Бирок, Улуттук статистика комитетинин быйыл августтагы иликтөөсү бул айтылгандарды четке кагып, өлкөдө аял менен эркектин айырмасы 0,8 гана пайыз экенин жана 60тан улуу аялдар көптүгүнөн кыз-келиндердин саны ашык чыгып жатканын көрсөткөн. Мындан тышкары атайын маалыматтарга таянсак, чет жакта жүргөн 1 миллионго жакын кыргызстандыктардын 70 пайызы эркектер.

Тебеленген мыйзам

Кыргызстандын мыйзамына ылайык бир мезгилде бир нече никеге турууга тыюу салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аталган мыйзамды бузган жарандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок, учурда кимдин канча аялы бар экени ачык-айкын айтылып жатканына карабастан, сот жообуна тартылгандар жокко эсе. Ошол себептен жарандарыбыз кимге тийип, кимди алса да өздөрү билип келет. Молдого нике кыйдырып, мыйзамдын “никесин” эсепке албай турган заманда бул көрүнүш эч тоскоолдуксуз өркүндөй берери эки жерде эки төрт дегендей болуп калды. Мындай абалды укук коргоочу Чолпонбай Карыпов мыйзамдын иштебегенинен көрөт.

“Эки аял алуу Кыргызстанда баары көрүп, билип, таанып бүткөн көрүнүш болуп калды. Бир гана өзгөчөлүк – эки аял алууга уруксат берген мыйзам жок, тыюу салынган жобонун аткарылган жери жок. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзам өкүм сүрүшү керек. Ойлоп көрсөк бир аялын, балдарын бага албай жатып башка аялга көз артуу ансыз да көп социалдык жетимдерди көбөйтөт, аялдардын психологиялык жабырлануусун күчөтөт, келечек муундун жалтак, мокок жана кемтик комплекстүү болуп калышына алып барат. Ошол эле сойкулар маселеси деле үй-бүлөлүк көйгөй эмес, бул экономикалык көйгөй кимдир бирөөлөргө акча алып келген көмүскө экономика. Көп аял алууга уруксат берсек да, сойкулар жоголбойт” – дейт укук коргоочу, Чолпонбай мырза.   

Кедей жигитке турмушка чыкканча, улгайган байга чыккан жакшы

Көп аял алууну кыз-келиндер арасында колдогондор да чыгууда. Начар жашаган жигитке турмушка чыкканча, картаң да болсо байыраак бирөөгө тийүүнү самаган 29 жаштагы Жазгүл учурдун талабы ушул деп, саркеч кийимдерди кийүү, кымбат үлгүдөгү машиналарды минүү заманбап жашоонун атрибутуна айланып калганын, аларга болгон муктаждыкты себеп катары айтты.

“Өзүм карапайым үй-бүлөдө чоңойгон кызмын. Жетишпеген турмушта жашоодон тажадым. Биз аялзаты бардык жагынан камсыз болууну самайбыз. Эгер күйөөбүз бизди бага албаса, ортодогу сүйүү деле өчүп калат. Акыркы моделдеги телефондор, кымбат деп эсептелген “Lexus” үлгүсүндөгү машиналар, кабат-кабат үйлөр баарына эле жакса керек. Башкалардай ичинтип, кийинте албаса, жигиттер үйлөнбөй деле койгону оң. Мен тийсем байга тием, экинчиби, үчүнчүбү маанилүү деле эмес, ичинтип-кийинтип турса болду, болбосо, турмушка чыкпайм” – дейт Жазгүл.

Ошол эле учурда күйөөсү башын аттаганы үчүн жан дүйнөсү жабыркап, психологиялык жардамга муктаж болгон кыз-келиндер да арбын. Психолог Айыма Канатова мындай көрүнүштөрдөн аялдар гана жапа чекпестен балдар дагы психологиялык жабыр тартат, деп белгилейт.

“Үстүнөн аял алганын көтөрө албай өзүнө-өзү колсалгандар да болот. Карап отурсаң жыргап кеткен токол деле жок. Көбүнчө ортодогу балдар кыйналат. Аялдарга караганда балдарга жардам берүү өтө кыйын. Жамандык көрө элек жан дүйнөсү таза наристелердин көңүлүн кирдетип алгандан коркосуң. “Ала жип аттаган” атаңдан тарбия ал деп үйрөтөсүңбү же азабын көтөрө албаган апаңды үлгү тут дейсиңби? Айтор, мындай учурлар көп бушайман кылат”, – дейт психолог.

Асел Шамилова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

(ред.автордун орфография жана стилистикасы сакталууда)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: