Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Кольцо айылынын үгүт-насаат үйүндө Кольцо мечитинин имамы Турдали Нуралиевдин демилгеси менен жаштарды терс агымдардан оолак кылуу максатында атайын иш чара өтүп, анын зыяндуулугу эскертилди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чара 2017-жылдын 27-декабрь күнү уюштурулуп, анын алкагында жаштарды туура эмес агымдардан сактап калуу максатында бир катар баяндамалар, түшүндүрмөлөр берилип, айыл аксакалдары, айыл башчылары өз пикирлерин билдиришти. Муну менен катар терс агымдардын коомго тийгизген терс таасири айтылып, диний маалыматтарды жана билимди интернеттен эмес атайын адистерден үйрөнүү зарыл экендигин эскертишти.
«Балдарга туура тарбия берүү ар бирибиздин милдетибиз. Алардын кимден кандай тарбия алып жаткандыгын көзөмөл кылуубуз керек», – деди имам Турдали Нуралиев.
Иш чара соңунда сунуш-пикирлердин негизинде чечимдер кабыл алынып, талкууланган маселелер боюнча айыл башчы жана мечит имам биргеликте тыгыз иш алып бармай болоору белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ