Menu

Ашхабад: окуучулар үчүн транспорт карталарын алуу кыйынга турууда

Бөлүшүү:

Ашхабадда мектеп окуучулары үчүн транспорттук карталарды алуу кыйынга турууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, коомдук транспортко карта алуу үчүн документ топтоо зарыл. Бирок бул тууралуу ата-энелерге алдын ала маалымат берилген эмес.

Ашхабаддын коомдук транспортторунда жол кирени карта аркылуу төлөө ыкмасы 2017-жылы октябрда күчүнө кирген. Анда картанын наркы 5 манат, ал эми автобустагы бир жолку жол кире 30 теңегени түзгөн. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 3,5 манат – 1 АКШ доллары.

Бир ай өткөн соң, 1-ноябрда коомдук транспортто жол кире 60% жогорулаган. Пенсионерлер үчүн бир айлык билеттин баасы гана 1 манат боюнча өзгөргөн эмес. Мектеп окуучуларынын караталары 2 манатты түзөт. Студенттер үчүн жеңилдиктер каралган эмес.

Буга чейин Ашхабад аэропортторундагы төлөм терминалдары бузулуп жатканы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: