Menu

Жаңы губернатордо жаңы жагдайлар бар окшойт

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Сапар Исаковго, президент Сооронбай Жээнбековго кат жөнөтөт элек, почтасын кантип табабыз , кантип салабыз деген карапайым Таластыктар базарларда электрондук дарек сурамжылап жүргөндөр бар. Талас бийлигин Кара-Бууралыктар ээлеп баратат, эми облсот менен облпрокурор ошол аймактан болсо бардык бийлик ошолорго өтөт имиш.

Мурда губернаторлор жаңы дайындалаары менен алгачкы ишин ар бир айыл өкмөттөрдө элдик жыйын өтүп, элдин көйгөйүн угуудан баштачы эле бул губернатордун эл менен жолугуша турган ниети барбы дешет. Карапайым элдин чийки май жегендей мындай абалына Ооган согушунун ардагерлери да кошулчудай түрү бар.

Он чактысы кошулса эле ачкыл суудан сеп этип алышып, кан көрүп, ажалдан аман калганбы – пуштунча бакырып кыйкырып “Афган эмне экенин губернаторго көрсөтөбүз”-деп ызырынышат.

Ичпегендери тигилердин тизгинин тартат. Ооган согушуна катышып-катышпай эле генерал,полковник, подполковник болуп алышкан, ар кайсы күч органдарына, мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке орношуп алган фактылар Таласта да бар окшобойбу.

Сыягы ички иликтөө жүргүзүп, 15 -февралда “бомба”жардырабыз дешет.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: