2017-жылдын 31-декабрь күнү Мекке жана Мадина багыты боюнча жогорку ылдамдыктагы поезд ишке кирди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы дүйнөлүк маалымат булактарына таянып билдирет.
Эки шаардын ортосундагы аралык 450 километрти түзүп, жогорку ылдамдыктагы поезд эки жарым саатта бул аралыкты басып өтөт. Ал эми бул поезддеги эконом класстын баасы 100 риалды (1838 сом) түзүп, темир жол долбоорунун наркы 6,7 млрд еврого бааланган. Долбоордун ишке ашуусу боюнча 12 Испан жана 2 Сауд Араб компаниясы иштеп, «Аш-Шула» Сауд-Испан консорциуму тарабынан ишке ашырылган.
Жогорку ылдамдыктагы темир жолдун курулушу ажылардын жашоосун жеңилдетүүгө жардамын берип, 5-6 саатык жолду эки жарым саатка кыскартууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ