Menu

Дүйшөнбүдөгү кыргыз элчилигин Кожент шаарына көчүрүү сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигин Дүйшөмбү шаарынан Кожент шаарына көчүрүү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал кечээ парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Тажикстан менен негизги карым-катнаш Кожент шаары менен болууда. Ал жерде өкүлчүлүк жок экен” деди депутат.

Ошону менен катар Тиллаев Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтеринин ишин парламентте талкуулоону сунуш кылды.

“Бизде баары кошулуп 38 дипломатиялык өкүлчүлүк бар экен. Бирок алар аткарган бир көрүнүктүү жумуш көрбөй жатабыз. Февраль айында календарга киргизип, министрдин ар бир элчилик боюнча отчетун уксак. Мамлекет миллиондогон акча кетирип аларды кармап турат. Кээ бир өкүлчүлүктөр айлык алып жумушта отурганына эле сүйүнүп жүрөбү дейм. Инвестиция тартуу боюнча саналуу эле элчиликтердин ишин көрүп жатабыз. Көпчүлүгү ишти алгылыктуу алып бара албай жатат” деди депутат.

Жыйынга катышкан өкмөттүн парламенттеги өкүлү депутаттын бул сынына жооп берген жок.

Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. 30 дипломатиялык өкүлчүлүк, 8 консулдук бөлүм бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: